Былтыр Кыргызстанга 2 млрд 989 млн доллар которулган

13-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Улуттук банктан билдиришкендей, акыркы жылы алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулар көбөйдү. Маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгүн — 2 миллиард 700 миллион долларды Россиядагы мигранттар жиберген. Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге 2024-жылы 445 млн доллардан ашык акча которулган.

13-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X