Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт
Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу ыктымал.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.