Чек ара чырынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө кетишти

Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көл облусуна эс алууга жөнөп кеткенин  Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.  Эс алууга жалпысынан 140 бала, 6 мугалим кеткен. Алар Ысык-Көлдө 10 күн турушат.  Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай районундагы “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат. Балдар бүгүн, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X