"Эркин-Тоо"

Чек арада болгон жаңжал өлкөнүн көптөгөн коопсуздук көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды

Акыркы Таджикстан менен чек арада болгон жаңжал жалпы региондун көптөгөн коопсуздук көйгөйлөрун ачыкка чыгарды. Көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү, бирок азыркыга чейин чечүү жолдору сунушталган эмес. Ушуга байланыштуу Россиянын жана Кыргызстандын эксперттери «Кабар» агенттигинде өткөн тегерек столдо негизги көйгөйлөрдү талкулашты .

      Саясат таануучу Игорь Шестаковтун айтымына караганда, эксперттер чек арада болгон окуяны гана эмес, ошондой эле бир катар аймактагы коопсуздук маселелерин чечүү жолдорун пландаштырууда.

     «Май айынын аягында КР Президенти Садыр Жапаровдун  Москвага иш сапары пландаштырылууда. Ал жакта аймактык коопсуздук темасы козголмокчу. Белгилүү болгондой, Россия тарап  өзун коопсуздуктун кепилдиги катары көрсөтөт», — деди  Игорь Шестаков.

    Башка экспертер бул маселелерди баңги заттардын жүгүртүлүшүнүн тиешеси бар деп кошумчалады. Алардын айтымында, жаңжал учурунда буга тиешеси бар адамдардын үйлөрү күйүп кеткен.    

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!