Чек арада курман болгон жоокерлердин элеси эскерилди
16-сентябрда ИИМдин Ички аскерлеринде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага ИИМ министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Октябрь Урмамбетов сөзүндө мекенди коргоодо өз өмүрүн аябаган жоокерлердин эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү болуп каларын белгиледи.
«Алардын өмүрү — Мекенди коргоонун бийик үлгүсү. Баатырлардын эрдигин эскерүү жана жаркын элесин урматтоо — мекенчилдиктин маанилүү белгиси», — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бактияр Калпаев чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматчыларына Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Соңунда катышуучулар чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин эскеришти.