Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат

15-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 39

2021-жылдын 14-июнунан тарта чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту (биометрикалык — ред.) Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен ала алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ушул эле эреже биометрикалык ички паспортторго дагы (ID-карта) тиешелүү. Болгону аны чет жактагы Кыргызстандын жарандары 20-марттан тарта алып жатканы айтылат.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду кыргызстандыктарга ушул жылдын 27-майынан тарта бере баштаган.

15-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X