Чет элдиктерге жеке идентификациялык номер берүү тартиби талкууда

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84

Кыргызстанга кирген чет элдик жарандарга жеке идентификациялык номер берүү боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, жеке идентификациялык номер чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу ыйгарылат.

Маалыматта аталган иштин миграциялык каттоону жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтардын тактыгын жогорулатууга жана чек ара кызматкерлери тарабынан жарандарды тез идентификациялоого шарт түзөрү айтылат.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X