Окумуштуулар он жашка чейин чет тилди үйрөнсө, ошол тилде сүйлөгөндөрдүн деңгээлинде сүйлөп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин аныкташты. Массачусетс технологиялык университетинин нейро-когнитивдик борборунун адистеринин бул тууралуу иликтөөсүн Cognition журналына жарыяланды. Адистер түрдүү улуттагы жана жаштагы 670 миң ыктыярчынын маалыматтарын топтоп, анын компьютердик моделин иштеп чыгышкан. Натыйжада чет тилдин грамматикасын өспүрүм куракта окуса тез кабыл алары аныкталган. Ал эми 18 жаштан кийин чет тилди үйрөнүү жөндөмдүүлүгү сакталып калат, бирок аны ошол тилде сүйлөгөндөрдүн деңгээлинде билүү мүмкүнчүлүгү азаят.