Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы жаран 6 күндөн бери изделүүдө

4-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 34

Бишкекте Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар тарабынан 6 күндөн бери 1963-жылы туулган Ш.Р аттуу эркек жаран Чоң Чүй каналынан изделүүдө.

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун А.Орозбеков көчөсүндөгү аталган каналдан издөө иши улантылып, жерине жалпы 22 куткаруучу тартылды.

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 14, кошумча саат 09:50дө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Эске салсак, аталган жаран 29-июнда сууга түшүп жатып, агып кеткен.

4-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X