Чолпон Эсенаманова чыгармачыл жаштар менен жолугушту

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 67

Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова Панфилов районунда куудулдук өнөрдү аркалап жүргөн жаштар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар чыгармачылык ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана алдыдагы «Көчмөн лига» күлкү таймашынын алгачкы сезонуна карата даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде депутат күлкү өнөрү элдин маанайын көтөрүү менен гана чектелбестен, коомдогу актуалдуу маселелерди юмор аркылуу чагылдырууда да маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Ошондой эле мындай чыгармачылык аянтчалар жаштардын талантын ачууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана чыгармачылык дараметин арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Жолугушуунун соңунда Чолпон Эсенаманова жаштарга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, алдыдагы таймашта Панфилов районунун намысын татыктуу коргошуна тилектештигин билдирди.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X