Чычкан капчыгайына кар көчкү түштү
Бишкек — Ош трассасынын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Маалыматка караганда, 14-март күнү жолдун 223,5-чакырымына көлөмү 550 куб метр, узундугу 150 метр, бийиктиги 3,5 метрлик көчкү түшкөн. Учурда атайын техника жолду тазалап жатат.