COP31де тоо туризминин келечеги талкууланды

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

2026-жылдын 14-ноябрда, Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP31 саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунда «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми: жаратылыш мурастарын коргоо жана туруктуу келечекке инвестиция салуу» аталышындагы эл аралык панелдик талкуу өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.

Талкууда климаттын өзгөрүшүнүн тоо туризминин өнүгүшүнө тийгизген таасири, тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туристтик инфраструктуранын климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана эл аралык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов өлкөнүн туристтик потенциалы тоолуу жаратылыш менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.

Ошол эле учурда климаттын өзгөрүшү бул мүмкүнчүлүктөргө олуттуу коркунуч жаратууда.
Кыргызстанда жылдан-жылга мөңгүлөрдүн аянты кыскарууда.
2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 348 сел катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен беш эсеге көп болгон. Мындай көрүнүштөр туристтик маршруттардын коопсуздугуна, инфраструктурага жана жергиликтүү калктын кирешесине түздөн-түз таасир этет.

Баяндамада туризмди өнүктүрүү менен жаратылышты коргоо бир убакта жүргүзүлүшү керектиги белгиленди. Бул багытта Соң-Көлдөгү экологиялык талаптарды сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экотуризмди өнүктүрүү жана ак илбирстин жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер мисал катары келтирилди.Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Жаратылыш жана айлана-чөйрө бөлүмүнүн директору Йоко Ватанабе тоолуу аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү үчүн эл аралык каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына ылайык, Азия өнүктүрүү банкы өткөн жылы климаттык долбоорлорго 13,5 млрд АКШ долларын багыттаган. Банктын жалпы инвестицияларынын 23 пайызы жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоого арналган.

Ошондой эле Кыргызстан катышып жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык программасынын жалпы каржылоо көлөмү 200 млн АКШ долларын түзөт. Анын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын салымы 3,5 млн АКШ долларын түзгөн.

Йоко Ватанабе туруктуу тоо туризмин өнүктүрүүнүн төрт негизги багытын белгиледи. Алар: климаттык тобокелдиктерди туристтик инфраструктураны пландаштырууда эске алуу, тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, жергиликтүү жамааттардын, өзгөчө аялдар менен жаштардын туризмге катышуусун кеңейтүү жана гранттар, кредиттер, кепилдиктер сыяктуу каржылоо механизмдерин натыйжалуу пайдалануу.

Мындан тышкары, Кыргызстанда токой ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын алардан экономикалык пайда алуусуна багытталган CARE механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатканы маалымдалды.

Талкууга Түркмөнстандын «Ynamly Durmush» экономикалык коомунун директору Махым Мамметтажова жана Азербайжандын «Women, Development, Future» коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлшан Ахундова да катышты. Алар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жаштардын жана жарандык коомдун ролу, туруктуу туризмди өнүктүрүүдөгү коомдук уюмдардын катышуусу боюнча пикирлерин бөлүштү.

Талкуунун жүрүшүндө тоо туризмин өнүктүрүүдө жаратылыш ресурстарын сактоо, климаттык тобокелдиктерди алдын ала баалоо, жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык каржылык колдоону тартуу өз ара байланышкан артыкчылыктуу багыттар экени белгиленди.

Кыргызстан үчүн негизги максат туристтердин санын көбөйтүү менен гана чектелбестен, жаратылыш мурастарын сактаган, жергиликтүү калкка туруктуу киреше алып келген жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан туризм моделин калыптандыруу.

COP31 саммитинин алкагындагы бул иш-чара Кыргызстандагы тоо туризминин климаттык туруктуулугун эл аралык деңгээлде талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кароого аянтча болду.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X