COVID-19: Өткөн суткада 2 бейтап каза болду

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 49

24-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 14 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 9, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 137 адам илдеттен сакайып чыгып, стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 8 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 402 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 664 киши айыгып чыкса, 2 миң 950 адам каза болду.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X