COVID-19: 13 адамдан жаңы аныкталып, 1 адам көз жумду
Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын эң көбү Бишкекте 10 киши. Чүйдө эки, Ош облусунда бир адамдан табылган. Вирустан дагы бир бейтап каза болду.
Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2976 адам каза болуп, 196 миңге жакыны сакайып чыкты. Ушул күндөрү 109 бейтап ооруканада, 122 адам үйүндө дарыланууда.