Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 18-майга караган суткада Кыргызстанда 234 кишиден вирус аныкталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 112, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 81, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 100 миң 966 киши вируска чалдыгып, 1 миң 718 бейтап көз жумган.