COVID-19: Бир адам көз жумуп, сегиз адамдан жаңы аныкталды

22-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 27

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада бир адам каза болуп, сегиз адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Соңку суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 78 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 94 киши айыгып чыкса, 2 миң 981 адам каза болду.

22-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X