COVID-19: бир адамдан аныкталды

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 39

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустун жаңы бир учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта ылайык, акыркы суткада илдеттен үч бейтап сакайды. Каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 9 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 3400 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X