COVID-19: Бир адамдан жаңы аныкталды, 5 бейтаптын абалы оор

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 34

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустун бир жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 9 бейтап айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 5 бейтап, амбулатордук түрдө 35 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 5 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 360 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X