9-июлга карагансуткада Кыргызстанда вирус дагы 1 миң 319 адамдан табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында- 715, Чүй облусунда -225 , Жалал-Абад облусунда -109, Баткен облусунда −84, Ысык-Көл облусунда −44, Ош облусунда −87, Ош шаарында — 25 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында -4, Баткен облусунда-1, Ысык-Көл облусунда -3 бейтап көз жумду.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда жалпы 137 миң 58 киши вируска чалдыкты.