COVID-19: Коронавирустан 4 бейтап каза болду

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 29

10-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 107 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X