COVID-19: он бир адамдан вирус аныкталды
Акыркы суткада Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиршти.
Бишкекте тогуз, Чүйдө эки жаранга илдет жуккан, каза болгондор жок. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миң 847 адам болду.
Соңку суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 89 бейтап ооруканада, 63ү үйүндө дарыланууда.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2982 адам.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.