COVID-19: Ооруканалардагы 21 бейтаптын абалы оор жана төртөө өтө оор

14-апрелге караган суткада Кыргызстанда  коронавирустун жаңы үч учуру катталды.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылды. Илдеттен бир жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 63 бейтап, амбулатордук түрдө 24 адам дарыланууда.

63 бейтаптын ичинен 38инин абалы орто оор, 21и оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 304 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X