COVID-19: Вирус 27 адамдан аныкталып, 1 бейтап көз жумду

Бүгүн, 1-мартка караган суткада Кыргызстанда коронавирус 27 адамдан аныкталып, 1 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 113 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө547 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X