COVID-19: Вирус 39 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду
17-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 39 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 601 киши айыгып чыкса, 2 миң 937 адам каза болду.