COVID-19: Вирус дагы 379 кишиге жукту. 7 адам каза болду

11-майга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эң көп учурлар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 240, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 103, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Эске салсак, өткөн жылдын март айынан бери 99 миң 33 киши вируска чалдыгын, 1 миң 667 бейтап көз жумду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X