COVID-19дан каза болгондордун саны дүйнөдө 5,7 млн адамдан ашты
Акыркы суткада дүйнөдө коронавирус илдетине кабылгандардын саны дагы 2 млн 344 миң 996 адамга көбөйүп, жалпы 397 млн 116 миң 343 адамды түздү. Эң көп учур АКШ, Индия, Бразилия, Франция, Улуу Британия, Түркия, Аргентина, Иран, Колумбия, Испания, Италия, жана Германия мамлекеттеринде катталган.
Ал эми каза болгондордун саны 5 млн 749 миң 275ке жетти.