Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө иштери башталгандан бери жалпы 3 миң 807 адам эмдөөдөн өттү. Акыркы 24 саат ичинде республика боюнча 1 миң 102 адам COVID-19га каршы эмделгенин Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында – 503 (бир суткада – 100)
Ош шаарында – 435 (бир суткада– 51)
Чүй облусунда – 432 (бир суткада – 79)
Ош облусунда – 1 миң 469 (бир суткада – 577)
Ысык-Көл облусунда – 217 (бир суткада – 75)
Талас облусунда – 10 (бир суткада – 10)
Нарын облусунда – 379 (бир суткада – 38)
Жалал-Абад облусунда – 299 (бир суткада – 148)
Баткен облусунда – 63 (бир суткада – 24) адам эмделген.