Кыргызстандагы Кумтөрдү иштеткен Канадалык “Центерра” компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйынында директорлор кеңешине 11 талапкер тандалды. Бул тууралуу маалымат ишкананын расмий сайтында жарыяланды. Жылдык жыйын 11-майда болуп өткөн.
Тандалган 11 адамдын үчөө кыргызстандыктар. Алар: Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев, үчөө тең буга чейин да кеңешке мүчө болчу.
«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Маалыматка ылайык, кеңештин мүчөлөрү жыл сайын май айында шайланып турат.