Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандык хоккейчилер жеңүүчү аталышты

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Кыргызстандын хоккей боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы жаштар курама командасы үчүнчү дивизиондун В тайпасында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион болду. Турнир 18–24-январь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага алты улуттук курама команда катышты.

Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин бардыгында тең жеңишке жетишти. Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африка Республикасын 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык жаш хоккейчилер мүмкүн болгон 15 упайдын бардыгын топтоп, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.

Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X