Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт
Жогорку Кеӊеште «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет. Алынган каражаттын 14 млн доллары түздөн-түз жергиликтүү долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат негизинен элет жергесин өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу чараларын көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордуне негизги аткаруучусу болуп саналат.
Депутат Айнуру Алтыбаева 3 млн доллар консультанттардын төлөмү менен окууларды уюштурууга көптүк кыларын белгиледи. Депутат Замирбек Эсенаманов акчанын жөн эле таратып жибербей, айыл аймактарын дотациядан чыгарууга жумшалышы керектигин айтты. Ал эми депутат Экмат Байбакпаев АРИСтин жетекчилигин каражатты сарамжалдуу пайдаланууга жумшоого чакырды.
Белгилей кетсек, каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын 222 айыл аймагынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ушул сындуу дагы эки долбоор бар, аларда башка аймактар камтылмакчы.