"Эркин-Тоо"

Дүйнөлүк жылдыздын Кыргызстан менен байланышы

Дүйнөдө таланттуу мастер Антонио Страдиваринин колунан жасалган скрипкада ойногон саналуу гана музыканттар бар. Алардын бири Даниэль Лозакович. Даниэль азыр 21 жашта. Швецияда жашайт. Аны музыка дүйнөсүндө “виртуоз” деп аташат. Лозакович таланттуу скрипач катары бала кезинен дүйнө кезип, концерт берип, ар бир күнү бир жыл алдын пландалган жылдыз. Мына ушул дүйнөлүк масштабдагы талант бүгүн Кыргызстанда. Анын Кыргызстанга келип концерт берүүсү буга чейин да бир жолу пландалып ишке ашпай калган. Эми гана бул сапар тиешелүү деңгээлде уюштурулуп, Даниэль бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук Филармониясында кыргыз элине чоң концерт берүүгө даярданып жатат. Даниэль Лозаковичти Кыргызстанга алып келүү иштери бекеринен уюштурулган эмес. Ал биздин элге жээн болорун айта кетели. Даниэлдин апасы кыргыз улутунан болот. Алена Лозакович Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Шаардын № 29 мектебинде окуган. Ал окуусун аяктаган соң Швецияга окууга кетип, ошол жактан белорусиялык жигитке турмушка чыгып, Стокгольмдо жашап калган. Учурда Даниэлди кошкондо Аленанын 3 баласы бар. Алена өзүнүн ата-энеси тууралуу көп маалымат айта бербейт. Ал атасы кыргыз элине белгилүү скульптор экендигин айтып жүрөт. Бирок, атын ачыктаган эмес. 8-июнда Даниэль апасынын туулган жерине келери менен кыргызстандык журналисттер менен жолугушту. Анда ал Кыргызстанга бир жашка чыга элек ымыркай кезинде келгенин айтты. Андан бери апасынын туулган жерине келүү эч эле ишке ашпай келген. “Менин апам Кыргызстанда төрөлгөн. Андыктан биз үйдө кыргыз каада-салттарын сыйлайбыз жана урматтайбыз. Апам кыргыз болгондуктан ашканада кыргыз тамактары көп жасалат. Бүгүн мен Кыргыз жерине келип апамдын туулган жеринин рухун сезип турам. Сиздерге эртең өнөрүмдү тартуулап, өлбөс-өчпөс чыгармалардан аткарып берем”,-деди Даниэль. Даниэль буга чейин көп маектеринде атасынын еврей тектүү экендигин жана канында кыргыз элинин каны бар экендигин баса белгилеп айтып келген. Талантуу жээнибиз менен сыймыктанып, эртең талантына күбө болуп келүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калалы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!