Данияр Сатиев: Сарамжалдуулукка басым жасай баштадык
Москва райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Сатиев Данияр Базарбаевичтин эмгек жолу алгач мураптыктан башталган. Суусуз жашоо болбос, андыктан суунун баркы учурда көкөлөп апогейине жетти. Демек, суу башында кызмат кылгандардын кызматы айтып болгус. Кечээги жаш мурап жигит улам бир тепкичке өйдөлөп олтуруп, мудаатына жетти. Инженер, участоктун башчысы, бөлүм жетекчиси кайсы гана орунга барбасын милдетин так аткарды. Жемиштүү эмгек үзүрү текке кетпей, мына эми жетекчилик эки тизгин, бир чылбырды колуна алды.
— Данияр Базарбаевич, сиздин аталган тармакта эмгектенип келатканыңызга чейрек кылым чукулдап калыптыр. Демек тажрыйба, такшалуу жагынан алдыңызга камчы салдырбайсыз. Кана, сөздү баштаңыз…
— Биздин райондо 42443 гектар сугат жер бар. Мына ушул жерлерди суу менен камсыз кылуу оңой иштерден эмес. Жылдан-жылга суу маселеси жеке эле бизде эмес, дүйнө жүзүндө татаалдап баратат. Акылга кенен кеменгер элибиз тээ жеринен эле: “Эл башы болгончо, суу башы бол” деп таасын айткан. Демек, суу баркына жетүү негизги милдеттерибизден болуп калууда. Ак-Суу гидро участогу баш болгон 3 гидро участокторубуз бар. Жалпы каналдардын узундугу 215 чакырым. Айыл аймактарына тиешелүү ички арыктар 554 чакырым. Район боюнча 24 көлмө бар, анын 6сы суу чарба башкармалыгына, калганы айыл аймактарына карайт. 2 суу сактагыч, 2 БДР, 2 БСР бизге тийиштүү. Жер иштетип, мал баккан баба дыйкан жана фермерлерди быйыл суу менен толук камсыз кылдык. Түшүм мол болду, эл ыраазы.
— Кийинки жаңылыктарга да токтолуп кетсеңиз. Ички арыктарды айыл аймагынын көзөмөлүнөн чыгаруу тууралуу сөздөр иш жүзүнө аша баштадыбы?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №207 токтомунун негизинде ички арыктарды суу чарба башкармалыгына каратуу этаптар боюнча жүргүзүлүүдө. БДР жана БСРлерди инвентаризациялоо башат алды. Мында кылдаттык абдан керек. Анткени, суу чарба башкармалыгынын жасай турган иштери арбыйт. Айталык, Төлөк айыл аймагына караштуу 45 чакырым арыктарын тазалоо иштери илгерилеп жатат.
— Суу таңкыстыгын алыстатуу боюнча кандай куруу иштери, айтарлык долбоорлор колго алынууда?
— Буюрса айтарлык зор курулуш башталды. Ак-Суу суу сактагычы 2028-жылы пайдаланууга берилет. 100000 гектар жер суу менен камсыз болот. 2000 гектар кайрак жер сугат жерге айланат. Мындан тышкары Төлөк айыл аймагында насостук станциясынын долбоордук сметалары такталууда. Куруп алсак дагы 1200 гектар сугат жер суу менен камсыздалат. Ошондой эле сууга зар болуп келген 600 гектар кайракы жердин багы ачылат. Көптөн бери сууга зар болуп келген көпчүлүктүн көксөгөнү орундалат. Спартак суу сактагычынан чыккан чарба аралык каналдар жана ички каналдар кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп жатат. Бул долбоордун аяктарына саналуу гана күндөр калды. Мындан 2500 гектар сугат жер гана сугарылбастан, 1900 гектар кайракы жер сугарыла баштайт. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, бул сууга зар жерлер түз эмес болгондуктан тамчылатып жана чачыратып сугаруу боюнча үгүт иштерин жүргүзүүдөбүз. Айтылгандар иш жүзүндө кайтарымын бере баштады.
— Сиздер сугат сууга сарамжал мамиле кылуу боюнча айтарлык кадамдарды баштап жатыпсыздар. Буга чейин талаага кеткен суулардын аягы тыйылар бекен?
— Айтканыңызда калет жок. Сапатсыз арык жана каналдардын айынан суу толук сугарылуучу аянттарга жетпей эле жерге сиңип кетер эле. Мындай кордуктан чыгуу жолу арык жана каналдарга бетон килемчелерди төшөө болуп саналат. Килемче бетондор төшөлгөн арык жана каналдардан бир тамчы суу текке кетпейт. Быйыл 2797 чакырым жерге килем бетондорду төшөп чыктык. Кечээги арык жана каналдардын жыртыгы бүтөлгөндөй бөтөнчө көрккө бөлөнүп, бир тамчы суу бекер кетпей акыбетибиз кайта баштады. Суу агымы да буйдалбай жетчү жерине эрте жетип, жетине албай калдык. Мисалы, Ак-Суу айыл аймагындагы Малый-Чоң каналына килем бетондор орнотулуп, ойлогон оюбуз ордунан чыкты. Мурдараак айтканымдай тамчылатып жана чачыратып сугаруу да сууга болгон сарамжалдуулукту турукташтырат. Учурда 2000 гектар жерди тамчылатып жана чачыратып сугара баштадык. Бул айтылгандар чек эмес, сарамжалдуулук боюнча иштерди дагы чыңдай бермекчибиз. Жаңы техникалар менен жабдуу жарашты. Эски техникалар менен курулуш иштерибиз илгерилебей жакшы эле азабын чектик. Жаңы заманбап техникаларыбыздын пайдасы зор. Суу чарба тармагына мамлекеттик деңгээлде камкордук ар тараптан көрүлө баштады. Журт башчыларына кандай ыраазычылык билдирсек аздык кылбайт. Быйылкыдай мол түшүм алууга бардык күчүбүздү жумшай бермекчибиз. «Суу сыйлаган эч качан кор болбойт» демекчи, сууга болгон ысык мамилебизди сактап, жылды жакшы жыйынтыктар менен аяктайлы деген ниеттемин.
Айчүрөк Макешова