ДАРЫГА ТЕРС ТААСИРЛЕРДИ ЖОЮУ – БЕЙТАПТЫН АЙЫГЫШЫНА ӨБӨЛГӨ
Кургак учук менен ооруган адам бир жылда жакын байланышта болгон 10-15 адамга чейин жуктурушу мүмкүн. Эгерде дарылоо болбосо оорулуулардын үчтөн экиси өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Негизи кургак учукту дарылоо өтө татаал. Узак убакыт бою күн сайын бир нече дарыларды ичиши керек – бул айыгуунун негизги шарты. Бирок адамдын организминин дарыга терс реакциясы бейтапты катуу кыйнагандан улам ал кургак учук менен ооруганына да кайыл болуп, дарыланууну аягына чыгарбай таштап коюшу мүмкүн. Бейтап дарыланууну таштап койду, бирок илдеттен айыккан жок. Бул өзгөчө кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларда өтө кооптуу нерсе. Биринчиден, бейтаптын өзү үчүн жаман, оору татаал формасына айланып анын кесепеттери өтө кайгылуу болушу мүмкүн. Экинчиден, дарыгерлердин сөзү менен айтканда өлкөдөгү инфекция резервуары өсөт, же кургак учуктун жайылышына шарт түзүлөт. Медициналык практикада дарыдан пайда болчу терс таасирлерди түшүндүргөн “Нß” (нежелательные явления, кыргызча “терс таасирлер” деп алсак болот) деген термин бар. Негизи дээрлик бардык эле дарыларды ичкен учурда терс таасирлер болот. Бирок Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында дарыларга терс таасирлерди аныктоо, талдоо жана бул багытты жөнгө салуу аракети көрүлүүдө. “Биздин милдет бейтапты кургак учуктан комфорттуу жана коопсуз дарылоону камсыз кылуу”, — дейт фтизиатр Елена Васильевна Жданова.

Улуттук фтизиатрия борборунун бөлүм башчысы Елена ЖДАНОВА: “БИЗДИН МИЛДЕТ – БЕЙТАПТЫ КООПСУЗ ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ ДАРЫЛОО”
Бейтапта дарыга терс таасирлер кандайча болушу мүмкүн? Бул суроого Елена Васильевна мындайча жооп берди:
— Кургак учукту дарылоодо бейтап бир нече дарыларды ичиши керек. Оорунун түрүнө жараша дарылоо убактысы 6 айдан 24 айга чейин созулат. Дарыларды ичкенде бейтапта ар кандай терс таасирлер болушу мүмкүн, мисалы, башы айланып, кускусу келет. Же боорду жабыркатат. Анемия, муун ооруларын пайда кылган учурлар болот. Айрым учурларда психоздук абалда өз өмүрүн кыйгысы келгендер болот. Көз көрүүсүн жабыркатышы мүмкүн. Эгерде пайда болгон терс таасирлерди аныктап, жөнгө салбаса бейтап жаны кыйналганына байланыштуу дарыларды ичпей коюшу мүмкүн. Демек, дарылоонун натыйжасы болбойт жана бул оор кесепеттерге алып келет. Оорулуунун дарыга терс реакциясын четтетип, жардам бергенден кийин дарылануусун кадимкидей улантып, айыгып чыгат. Айрым учурларда дарылар бейтапта бир эмес, бир нече ооруларды козгоосу мүмкүн. Мисалы: 2021-жылы 72 жаштагы биздин бейтапты кургак учуктан дарылоонун биринчи айында эле гастрит башталып, ашказанын дарыладык. Экинчи айда муундары ооруп баштады. Төртүнчү айда анемиянын оор, 4-стадиясы менен ооруду. Кургак учукту дарылоо менен катар анемияны дарылоого туура келди. Бейтапта пайда болгон терс таасирлерди убагында аныктап кийлигишкенибиздин аркасында дарылоосун улантты. Жыйынтыгында 72 жаштагы бейтап кургак учуктан аман-эсен айыкты.
Дагы бир 25 жаштагы бейтап эки ай дарынын терс таасирлери жок жакшы дарыланып жаткан. Орто жолдон пандемия башталып, биздин бөлүм коронавирус менен ооругандарга багытталып, ал шаардык кургак учук ооруканасына которулган. Ошол жактан анда катуу депрессия болуп, суициддик абалга жеткен. Кургак учукка каршы дарыларда психикага таасир этчү жагдайы бар. Ошондой эле тышкы таасирлер да болсо керек. Биз аны кайра өзүбүзгө алганга мүмкүнчүлүк табып, дарылоосун өзгөртүп, психоздук абалдан чыгарып, дарылоону уланттык. Бейтапта андан кийин дарыга терс таасирлер болгон жок.
Дагы бир бейтап ооруканада бир айдай дарылангандан кийин текшерүүдө боорго тесттин көрсөткүчү нормадан 38 эсеге өсүп кеткени аныкталды. Дарылоо схемасын дароо өзгөрткөндөн кийин эки жума ичинде абалы нормага түштү. Азыркы убакта бейтапты дарылоо ийгиликтүү аягына чыкты.
Албетте, бардык эле бейтаптарда терс таасирлер кездеше бербеши мүмкүн. Бирок дарыгердин айтымында бардыгында эле алгачкы бир-эки ай оор болот. Дарыланып жаткан бейтаптардын 30%дан ашыгы дарынын терс таасирлеринен жабыркайт. Елена Васильевнанын айтымында азыр 15-20 жылга салыштырмалуу абал жакшы. Ал кезде бейтаптардын 95%ы терс таасирлерден жабыркачу. Азыркы дарылардын сапаты жакшы, алар дарылоонун мөөнөтүн да азайтат жана анын терс таасирлери мурдагы мезгилге салыштырмалуу аз.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) жаңы дарыларды сунуштоо үчүн кургак учук кызматы алардын талабын аткарып, дарылардын терс таасирлеринин багытын жөнгө салуучу документтерди иштеп чыкты. Кыргызстанда дарыга терс таасирлерди өз убагында аныктоо жана бейтаптын абалын жеңилдетүү үчүн атайын Клиникалык колдонмо жана протокол ишке киргизилген. “Бул чынында толук кандуу жасалган биринчи документтер. Аталган документтер атайын ДСУнун сунуштарынын негизинде кеңири иштелип чыккан. Мында бардыгы ачык, так жазылган. Бул фтизиатрлар үчүн чоң жардам. Бейтапта дарылануу учурунда терс таасирлер болсо ушул Колдонмонун негизинде дарыланат. Оорулууга жардам берген учурда ал дарылоону токтотпойт жана дарылоонун жыйынтыгы жакшы болот. Бардык өлкөлөрдө эле фармкөзөмөл жакшы деңгээлде эмес. Кургак учукка каршы дарылоо чөйрөсүндөгү бул демилгенин артынан биздеги фармкөзөмөл сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, Кыргызстан медицина чөйрөсүндө дүйнөгө таанылды”, — дейт Е.Жданова.
Терс таасир боюнча Клиникалык колдонмо жана протокол республикабызда кургак учук жаатында иштеп жаткан USАIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жардамы менен иштелип чыгып, аны саламаттык сактоо системасына киргизүүдө дагы долбоор чоң жардам көрсөттү.
“Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун эксперти, медицина илимдеринин кандидаты Меркинай СУЛАЙМАНОВА: “ДАРЫ КАРАЖАТТАРЫНЫН ТЕРС ТААСИРЛЕРИНИН КЕСЕПЕТИ МАМЛЕКЕТКЕ ЭКОНОМИКАЛЫК ДА ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ”

Дарыга терс таасирлер бейтаптын дарыны ичпей таштап коюшуна алып келчү негизги себеп болуп саналат. Бейтаптын дарылоону аягына чыгарбай таштап коюшу саламаттык сактоодо олуттуу көйгөйлөрдү гана жаратпастан, мамлекетке экономикалык жактан да оорчулук келтирет. Себеби, кандай болгон күндө да бейтапты дарылоону аягына чыгарыш керек. Кургак учуктун дарыларын мамлекет өтө кымбат баада сатып алып, бейтаптар акысыз дарыланат. Дарылардын ар бири өзүнчө терс таасирлерди бериши мүмкүн. Мына ушуга байланыштуу бейтапты дарылоодо терс таасирлер боюнча Клиникалык колдонмо жана протокол иштелип чыккан. Алар долбоордун адистери менен катар эле өлкөбүздөгү фтизиатр-дарыгерлер да катышуусу менен даярдалды. Бул документтер сапатын баалоо боюнча эксперттик кеңеште каралып, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. Аталган колдонмо жана протокол бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо мекемелеринин адистери үчүн кургак учукту дарылоодо бирдиктүү колдонмо болуп саналат.
Мында:
— Дарылоо процессинде терс таасирлерди өз убагында клиникалык, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр боюнча кеңири маалымат баяндалат;
— Бейтаптарды оптималдуу дарылоону камсыз кылуу максатында аныкталган терс таасирлерди өз убагында четтетүү үчүн дары каражаттарынын тизмесин берет;
— Терс таасирлерди аныктоо үчүн клиникалык инструменттердин тизмесин кеңири баяндап (көрүүсү, бөйрөк, боор, кан ж.б.) жана алынган жыйынтыктардын чечмелөө үчүн инструменттерди көрсөтөт.
— Дары каражаттарынын зыяндуулугунун эл аралык шкаласын пайдалануу менен терс таасирлердин канчалык татаалдыгынын бардык даражалары деталдуу каралган.
— Терс таасирлерди дарылоонун алгоритми баяндалат (анын канчалык оордугуна жараша андан аркы дарылоо тактикасы аныкталат).
Долбоордун колдоосу менен ушул колдонмону пайдалануу боюнча республикабыздагы фтизиатрлар үчүн бир нече тренингдер өткөрүлүп, окутулду. Учурда кургак учукту дарылоодо дарыгерлер бул колдонмону толук кандуу пайдалана башташты.
Ошондой эле долбоордун колдоосу астында ДСУнун талабына ылайык стандарттуу ыкмада өлкөдө биринчи жолу терс таасирлердин жаңы отчет формалары иштелип чыгып, бекитилген.
2023-жылдын 9 айында аныкталган терс таасирлерге иштелип чыккан отчеттук формалар боюнча анализ жасалган. Жаңы отчеттук формаларга ылайык терс таасирлер боюнча 552 маалымат түшсө анын 321ин же 58%ын дарыгерлер олуттуу деп белгилешкен. Бул көрсөткүч дагы деле дары каражаттарынын терс таасирлери басымдуу кыларын көрсөтөт.
ТЕРС ТААСИРЛЕР КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ДАРЫЛАРДА ГАНА БОЛОБУ?
Албетте, андай эмес. Антибиотик жана башка дары каражаттарын айтпаганда да адам жөнөкөй эле витаминдерди ичкен учурда да жагымсыз таасирлерди сезиши мүмкүн. Андыктан бардык эле дарыларда терс таасирлер болбой койбойт. Кайсыл гана оору болбосун коопсуз жана натыйжалуу дарылоо зарыл. Ушундан улам мындай иш-чаралар башка ооруларды дарылоодо эмнеге жасалбайт деген суроо келип чыгат. Адамдын организми дарыны кандай кабыл алганына жараша дарылоонун натыйжасы болот эмеспи. Андыктан медицинанын бардык тармактары мына ушундай мамилеге муктаж деген ойдобуз.
Сүрөт: интернет булактарынан алынды