Дастан Бекешев борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маселени көтөрдү
Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Президенттин 2021-жылдын март айындагы жарлыгын мисал келтирип, жарлыктагы талаптар аткарылбай жаткандыгын айтты.
«Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, чар-жайыт курулуштар жүрүүдө. Андыктан жарлыктагы талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Муну менен катар Жогорку Кеңеш да калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссия түзүп, текшерүүсү кажет”, – деди ал.
Ал эми депутат Русланбек Жакышов жакында эле Талас облусуна иш сапары менен барып келгенин маалымдап, дыйкандар жазгы талаа иштери башталганча чейин үрөн, жер семирткич жана насыя маселесин чечип берүүнү суранып жатканын билдирди.
Ошондой эле депутат Замирбек Мамасадыков Ноокен районунда Ч.Айтматов каналынын курулушу башталган менен аягына чыкпай жатканын билдирип, эгерде аталган канал толук бүткөрүлсө, 30 миң гектерга чейинки жер суу менен камсыз боло тургандыгын белгиледи.