"Эркин-Тоо"

“Датасы жок күндөр…”

Май айынын жыйырма жетиси кыргыздын мекенчил жана лирик акыны Зайырбек Ажыматовдун күнү эле… Анын адамдык жана акындык асыл сапаттарын оозунан түшүрбөгөн улуу-кичүү калемдештери, үй-бүлөсү күнү бүгүнкүдөй жоктоп, эстеп келишет. Бул күндүн  урматына акындын «Доско кат» аттуу ырлар жыйнагы жана «Датасы жок күндөр» аттуу ой толгоолор китеби басылып чыкты. Китептердин бет ачары 27-майда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын чоң жыйындар залында болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров, ЖКнын депутаты, акын Мирлан Самыйкожо, манасчы Рыспай Исаков, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, белгилүү обончу жана ушул окуу жайды учурда жетектеп жаткан Түмөнбай Колдошев, маркумдун кесиптештери, үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары катышты.

Кечеде акындын ырлары окулуп, менен башталды жана соңунда келген конокторго сөз берилди. Акынды жакшы билгендер анын ички дүйнөсү мөлтүр булактай таптаза, өтө боорукер, ашкере мекенчил экендигин баса белгилешип, акындын көзү өтсө да анын ырлары кыргыз эли барда унутулбай түбөлүк жашай берет деген пикирлерин айтышты. Мезгилинде акынга ини катары, калемдеш катары жакын болгон, аны жакындан билген замандашы акын Эрлан Жумагазиев мындайча эскерди;            “Закенин чыгармачылык башаты СССР урап, өлкө калкы алапайын таппай, карын кайгы башкы орунга чыгып, адабият, маданият, искусство «итке таланып», «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты», «этиң тургай, табагыңды таап ал» деп турган эгемендиктин алгачкы жылдарына туш келди. Өз киндигин өзү кескен «өгөй бала, жетим муундун» бир өкүлү эле Закебиз. Дал ошондой чалкеш доордо да өз нугун жоготпой, акын катары, адам катары кала алды.

Адатта адамдын мүнөзү кандай болсо, чыгармалары да ошондой болот. Дегеним, Закенин ырларын окуганда да өзүнүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму көз алдыма даана тартылат. Жай турмушта ичинде кири жок даалдаган, касына да жакшылык тилеп турган алпейим, анан да баладай ишенчээк, ошол эле учурда баладай таарынчаак, а бирок таарынычын бат унуткарып, бир заматта жайдаңдап чыга келген ак көңүл, боорукер жан болчу. Дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жазмакчы, «күн сайын адам болууга» аракет жасады көзү тирүүсүндө. А бирок чыгармачылыктагы мүнөзү мындан кыйла айырмаланып турчу. Бир карасаң албуут толкун, бир карасаң көк ирим, бир карасаң мелмил өзөн, бирде ызгаар бороон, бирде жай саратан, бирде мээлүүн көктөм, айтор, түшүнүү мүмкүн эмес эле (чыныгы чыгармачыл адамдар ошондой болот).

Заке менен 2003-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесине мүчө болуп киргенден кийин тааныштым. Ал учурда Закенин болуп-толуп, бышып-жетилип турган убагы экен эми ойлосом (буга 2005-жылы чыккан «Мелмил» китебине кирген ырлары күбө). Ошондон тарта ага-инидей жылуу мамиледе жүрдүк. Кийин 2012-жылы «Жаңы Агым» гезитинде да чогуу иштеп калдык (башкы редактор Аскер Сакыбаевага сунуштап, өзү чакырып алган).

Аласалган алкеш-чалкеш заманга, өзү жазмакчы, «нөлү көп» жылдарга такаат берип, жоголуп да кетпей, жоготуп да албай, өз катарынан суурулуп чыгып, адабиятта АЖЫМАТОВ деген айжаркын ысымды жасады (көр түйшүккө басынып жүрүп, же жашоосу оң болбой, же чыгармачылыгын толук ача албай калгандар деле болгон ал доордо). Балдарына да жер карап калбагыдай шарт түзүп, ошол эле маалда чыгармачылыгын да өксүү койбой чогуу ала жүрдү. Бул жагынан алганда Закени бактылуулардын катарына кошсок болчудай. Айтмакчы, өжөрлүк, көктүк мүнөзү да бар болчу. Балким, ушул сапаты да таасир эткен чыгар экөөнү бирдей ала кетүүсүнө.

Окурмандын көбү атуулдук, заманчыл ырлары менен тааныйт. Көп учурда ушул багыттагы ырларына басым жасалып келет. А чынында Заке нукура лирик болчу. Мейли ал Ата-Журтту жазабы, табиятты сүрөттөйбү, мейли ал махабатты даңазалайбы, айтор, жан дүйнөнү козгогон керемет толкун, дирилдеген мукам кайрык ар бир сабынан, ар бир сөзүнөн, кала берсе ар бир тыбышынан көрүнүп турчу.

Эскерүү жазып жатып, акыркы жолку сүйлөшкөнүбүздү эстедим. 2020-жылдын 11-апрелинде кечки 22:34тө месенжерден видео чалуу кылып, түнкү 00:48ге чейин кобурашканбыз. «Бир-эки жылча чыдап туруп, журналистикадан биротоло кетем, калган өмүрүмдү жалаң чыгармачылыкка арнайм. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмө шартты болушунча түзүп бердим, эми мээде жүргөн идеяларды, ойлорду кагазга түшүрүп калышым керек», – деди эле. Тилекке каршы, ал максатын жүзөгө ашыра албады. «Канча чыгармасы жазылбаган бойдон кетти экен?» – деп коём ичимден сызыла.

«Жараткандын жазмышынан озмок жок» дейт кыргыз. Анын сыңары залкар акындын бешенесине болгону 44 жашты гана жазган экен. Артында изи калар адамдын өмүрү ушундай кыска болот тура көрсө. «Анткен менен өзүн акын катары да, адам катары да ачып берүүсүнө ушул жаш деле жетиштүү болду. Артында өлбөс-өчпөс ырлары, өрнөктүү өмүрү калды. Буга да каниет», – дейм өзүмдү сооротуп.

Ал эми акындын жубайы Анара Жансариева менен маектешкенибизде, бул китептердеги чыгармалар акындын тирүү кезинде эле жазылып, бирок басмага берүүгө мумкүнчүлүгү болбой калганын айтат. Акындын жолун анын кичүү, сүймөнчүк кызы Карлыгач улантат го деген изги тилеги бар эненин.

Даярдаган; Махабат Алымбек кызы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!