Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында аймактарга тиешелүү бир катар социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлдү.
Депутат Айбек Осмонов Ош шаарындагы наристелердин 70%ы бала бакчага барбай турганын белгиледи.
“Көпчүлүк бала бакчалардын имараты жана жер тилкелери оорукана, мейманкана, дүкөн катары иштетилип, жеке менчикке өтүп кеткен. Бул боюнча соттук иштер жүргөн менен соттор жеке тараптарга чечип берүүдө. Андыктан аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, жеке менчикке өтүп кеткен социалдык имараттарды кайтарышыбыз кажет”, – деди эл өкүлү.
Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев үч жыл мурун Премьер-министр Сокулук районуна барганын эске салып: “Анда борбордук стадионду оңдоп берүү убадасы берилген. Бирок азыркыга чейин курула элек”, – деп билдирди.
Ошондой эле депутат Жалолидин Нурбаев Араван районунда жер-жемиштер сатууга чыга баштагынын маалымдап: “Сатуу ишине Айыл чарба министрлиги жардам берип, дыйкандарга колдоо көрсөтүүсү кажет”, – деген пикирин билдирди.