Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков: “Жумушсуздук жоюлмайынча, жашоо-турмуш оңолбойт”
Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районундагы бардык айылдар өзгөчө макам алышы керектигин айтты.
“Тиешелүү тизмеге Көк-Таш айылы кирбей калган. Социалдык көйгөйлөрү арбын. Ичүүчү жана сугат суусу жетишсиз. Андыктан чек арага чектеш айылдарга колдоо көрсөтүп, элди көчүрбөй сактап калуу керек”, – деди ал.
Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков алыскы аймактардагы мектептердин көйгөйлөрүнө токтолду.
“Мектептердин абалы начар. Меш менен ысыган окуу имараттары көп. Айрыкча алыскы айылдардагы мектептер каралбай калды” – деди ал. Мунун менен катар жумушсуздук күч алганын белгилеген депутат: “Жумушсуздук жоюлмайынча, жашоо-турмуш оңолбойт” – деп билдирди.