Депутаттар кышкы электр энергиясынын лимитин көбөйтүүнү сунушташты

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында экономиканын тармактарын жана калкты 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланды. Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун маалыматына караганда, даярдык учурда 87 пайызды түзөт.  Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Жыйында депутаттар электр энергиясынын тартыштыгы, көмүр менен камсыздоо, калктуу конуштарды газдаштыруу жана электр тармактарын жаңылоо маселелерин көтөрүштү.

Депутаттар кыш мезгилинде көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү, алыскы жана тоолуу аймактарда электр энергиясын керектөөнүн лимитин көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Айрыкча Суусамыр өрөөнүндө электр энергиясын керектөө лимитин 3 киловаттан 5 киловатка чейин жогорулатуу сунушталды.  Нет описания фото.

Ошондой эле Бишкек шаарынын жаңы конуштарын жана өлкөнүн бир катар аймактарын газдаштыруу, электр жабдууларын модернизациялоо, авариялык абалдагы мамыларды жана трансформаторлорду алмаштыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, депутаттар жылытуу мезгилинде абанын булганышын азайтуу, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана алыскы аймактарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча сунуштарын билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков кышкы жолдорго жана ашууларга байланыштуу даярдык 75 пайызды түзөрүн маалымдады.
Жыйынтыгында айтылган сунуштар менен сын-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X