Депутаттар Токтогулдагы көйгөйлөргө көңүл бурушту
Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Болотбек Борбиев менен Гүлшаркан Култаева Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Э.Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калкты таза суу менен камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Депутаттар мамлекеттин өнүгүшү аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртуу менен тыгыз байланышта экенин белгилешти. Ошондой эле көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.