Депуттар темир жолдун абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдагы аткарган иштери жана быйылкы жылга карата милдеттери тууралуу маалымат алды.  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Адылбек Адрановдун маалыматына караганда былтыр темир жол аркылуу 7 миллион 306 миң тонна жүк ташылган. Ишкананын баланстык кирешеси 2020-жылы 1 млрд 112 млн  сомду түзгөн.  Киреше мурунку жылга салыштырмалуу 653 млн сомго көп болгон. Натыйжада темир жол республикалык бюджетке 322 млн сомдон ашуун каражат чегерген.

Темир жолдун башчысы таза кирешенин 50%ын мамлекеттик бюджетке төлөөдөн бошотуу маселесин көтөрүүдө. Улуттук компания кыймылдуу курамды жаңыртуу, тактап айтканда 2 маневрдик локоматив, 50 жүк ташуучу ачык вагон сатып алууну, темир жолдун жогорку структурасын модернизациялоону, Балыкчы-Кочкор, Кытай-Кыргызтан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну стратегиялык планында көрсөтүүдө.

Талкууда эл өкүлү Шералы Абдылдаев темир жол тапкан кирешесин толугу менен өзүнө калтырууга каршылыгын билдирди.  Эл өкүлү ишкананын өнүгүү планына канааттанбаганын белгилеп,  “Маймак” станциясынын бүгүнкү жан кейитерлик абалын мисал келтирди. Депутаттын айтымында ал жердеги жергиликтүү тургундар айласыздан Казакстандын жарандыгын алышкан.

Кыргыз темир жолунун кирешеси дээрлик жүк ташуудан түшөт. Былтыр Өзбекстанга сатылган көмүр 30% арзандатуу менен ташылган. Муну  жетекчилик атаандаштыктын айынан деп түшүндүрдү. Аны менен катар Өкмөттүн токтому менен кант заводдоруна жеке менчик экенине карабастан кызылчаны бекер ташуу милдеттендирилген. Депутаттар товарды бекер ташуу туура эместигин белгилеп, токтомду жокко чыгаруу зарылдыгын айтышты.

 Пандемияга байланыштуу былтыр марттан тартып,  эл аралык жана өлкө ичиндеги жүргүнчү ташуу токтотулган. Эл өкүлү Улугбек Ормонов учурда көп жарандар кыйналып жатканын эске алып, Орусияга темир жол каттамын жандандыруу аракеттери көрүлүшү зарылдыгын айтты. 

Комитет жыйынында депутаттар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу сөз козгоду. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министиринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев бул жол курулуп калса, Кыргызстан транзит болуп дээрлик 13 млн тонна жүк биз аркылуу өтөрүн билдирип, мамлекетке көп пайда түшөрүн ырастады. Анткени менен Кыргызстан өз аймагынан өткөн жолду өзү курушу керек деди ал. Бирок бул  маселе азырынча чийки экенин кошумчалады. “Биринчиден эл аралык темир жолдун техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу зарылдыгы турат, экинчиден маселенин  саясий жагы да бар”,-деди Алмаз Тургунбаев.

Депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз темир жолу” ишканасында жолго салынган корруциялык схема бар экенин сынга алды.  “Силер эч качан релсьтен оңой менен чыкпайсыңар. Бир жагынан алып барып камаса, кайра эле экинчи жагынан келип каласыңар. Мурда темир жолдун башчылары шаар мэри болуп кетсе, азыр кайда кетип жатат?”,- деп сынга алды Рыскелди Момбеков.  Тармактагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө депутат Акыл Кемелов сөз улады. Белгилүү болгондой ишкананын айрым жерлери 49 жылга ижарага берилип, колдон-колго сатылып кеткен. Маселен, Пишпек базарынын жанындагы тилке сатылып, ал жерге курулуш курулган. Бүгүнкү күндө ал обьектке ээлик кылган “Терминал”  ЖЧКсы 680 миң долларга сатып жатканын ишкана жетекчилиги ачыктады.

Көчмө жыйында комитет мүчөлөрү “Кыргыз темир жолунун” чарбалык иштери менен да таанышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X