Диля БАЙБАРИЕВА, “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 1-оранжереясынын башчысы: “ЧЫНЫГЫ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР АЗ, АГРОНОМДОРГО МУКТАЖДЫК БАР”

Бишкек шаарынын “Жашылкурулуш” муниципалдык ишканасы гүлдөрдү өстүрүүнү эки оранжереяда жүргүзөт. 1-оранжерея Ташкент көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,02 га. Ал эми 2-оранжерея Щербаков көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 15,2 га. Биз 1 оранжереяда болуп, быйыл калаабыз кандай гүлдөр менен кооздоло турганын сурап, даярдыктардан кабар алып келдик. Аталган оранжереясынын башчысы, 23 жылдан бери ушул жерде эмгектенип келе жаткан агроном Диля Байбариева биздин суроолорубузга жооп берди.

—  Диля Жалиловна, быйыл шаарыбыз гүлдүн кандай түрлөрү менен көрккө бөлөнөт? Дегеле гүл тигүү сезонуна даярдыктар кандай?

—  Биз ушул күнөсканада гүлдөрдү өстүрүп, даярдап алып анан аны шаар ичине алып чыгып тигебиз. Шаардагы силер көргөн, суктанган гүлдөрдүн бардыгы биздин колдон чыккан гүлдөр. Негизинен бир жылдык жана көп жылдык гүлдөр тигилет.  Күзүндө ноябрь айында биз жоогазындарды тиккенбиз, эми алар апрель, май айларында гүлдөйт. Андан кийин алардын ордун бир жылдык гүлдөр ээлейт. Бир жылдык гүлдөрдүн гүлдөө мөөнөтү көбүрөөк болуп, өзгөчө кооз, көрктүү болот. Мына ошондуктан биз көбүнчө бир жылдык гүлдөргө басым жасайбыз. Быйыл 1 млн 600 миң даана гүл тигилет. Негизинен бизде гүлдөрдүн 18 сорту бар. Ар бир сортто 4-5 түрү болот. Мисалы сальвиянын кызылы, агы, кызгыльт-көк түсү болот дегендей. Андан сырткары ошол эле гүлдүн бою кыскасы, узуну болот. Ар бир гүлдун маанилүү жагы бар, ошого жараша, дизайнга жараша клумбаларга отургузабыз. 1 млн 600 миң гүл райондордогу клумбалардын санына жараша бөлүштүрүлөт. Маселен шаардык борбордук бөлүктөрүнө көбүрөөк, ал эми калктуу конуштарга салыштырмалуу аз отургузулат. Төрт райондун өзүнчө башкаруу бөлүктөрү, агроному, мастерлери бар. Алар ошол жерлердеги клумбалардын дизайнын чийишет жана ошого жараша бизге тапшырык беришет. Алардын санына жараша тендер жарыяланат. Тендерден уткандар уруктарды алып келишет. Гүлдү отургузуу учурунда анын бийиктигине дагы маани берилет Ортосуна бийигирээк гүлдөр ал эми четтерине жапыз гүлдөр тигилип, шырдактыкындай кылып кыйма кетиребиз.

—  Гүл үчүн урук менен топурактын мааниси чоң эмеспи, алар кайдан келет?

— Уруктарды тендер менен атайын Голландиядан алдырабыз. Кээ бирлер “өзүбүздүн жергиликтүү уруктар турса, эмнеге сатып аласыңар” дешет. Биздин уруктар аргындашып кеткендиктен, биринин бою узун, бириники кыска болуп, клумбадагы дизайнга ылайык келбей калат. Топуракты да тендер менен алдырабыз. Ал тоонун топурагы болушу керек. Ылдыйкы зонанын топурагы шордуу келет. Алынып келинген топуракты элеп, курамын текшеребиз. Курамы боюнча 60 пайызы топурак, 20 пайызы жуулган кум, 20 пайызы кыктын чириндиси болушу керек. Бардыгын аралаштырып, даярдап алгандан кийин гүлдү отургузабыз.

—  Бизде негизи гүлдүн кайсы түрлөрү өстүрүлөт?

—  Биздин оранжереяда 10 күнөскана бар. Бирөөнүн эле аянты 360 чарчы метрди түзөт. Бир эле күнөсканага бир учурда 100 миңдеген гүл батат. Бизде пеларгония, цинния, агератум, колиус, катарантус, петуния, тагетес, алисум, вербена, георгин, сальвия, герань жана башка түрлөрү бар.Жоогазынды алгач 2014-2015-жылдары Туркиядан Бишкекке мен алып келгем. Ага чейин шаарга кызгалдак тигилчү эмес. Башында 5-6 түрүнөн 20 000 даана алып келгем. Мындагылар “ой жоогазын Бишкеке өспөйт, убара болосуң” дешкен. Эмнеге өспөйт экен, биз байкаштырып көрөлү деп жатып өстүрүп алдык. Аны биз галереяга отургузсак, аябай сонун өсүп, элдин баары таң калган. Ошондон кийин жоогазын алып келе баштадык. Азыр 160 000 жоогазын тигилет. Алар негизи күзүндө тигилип, эрте жазда гүлдөйт. Жоогазын аз эле ай гүлдөгөнү менен аябай сонун кооздук берет.  Биз 160 000 даана эле тигет экенбиз, Алматыда миллиондон ашык жоогазын тигилет. Голландия болсо түлпанга оролуп турат. Түркиянын паркы бүт эле жоогазын. Алар ошол сулуулукту бериш үчүн акча аябайт. Себеби гүлдүн бул түрү адамга эс алуу, кооздук тартуулайт. Айрымдар гүлгө ушунча акча коротуп, бир жылдык гүлдөрдү тиккенден көрө газон сээп салалы деп чыгышкан. Газон эмне ал жайлоо, жашыл шибер чөп. Ал жерге балдар барып ойноп, отуруп кете беришет. Бул ой туура эмес. Ал эми гүлдөр кандай маанай көтөрөт, энергия берет. Ошол нерсе үчүн эле биз акча аябашыбыз керек.

—  Канча жумушчу бар, арасында жаштар барбы? Эмгек акыңыздар кандай?

— Айлыгыбыз орточо, отуз миңдин айланасы. Бирок, жылдан-жылга көбөйүп жатат. Менде учурда 35 киши иштейт. Бирок, анын 20сы убактылуу иштешет. Алар ушундай урук сээп, гүл өстүрөр, отургузаар маалда эле келип иштеп кетишет. Жаштар жок эмес, бар. Бирок аз, жаштар көп айлыкты каалайт экен. Чынында чыныгы кесипкөй адистер аз. Агрономдорго муктаждык бар. Жакында шаар мэри келип, күнөсканалардын абалын көрүп, кабар алып кетти.  Күнөсканалардын оңдоп, жаңы от казан салып, бир эле жерден от жагыла тургандай кылабыз деп, каражат бөлүнөрүн убадалады.

—  Гүл өстүрүү түйшүктүү иш болсо керек ээ эже?..

—  Ооба, гүл кичинекей баладай эле болот. Кичине суук болсо эле үшүп кетишет, ооруп калат. Катарантус деген гүлүбүз бар, ал жылылуулукту жакшы көрөт. Ошондуктан мен аны жылуу температурадагы күнөсканада өстүрөм. Балага жасагандай мамиле жасайбыз. Алтургай биз бул жерди “родилный” деп коебуз. Ашык кишини киргизе бербейбиз. Кичинекей балаңды чочун кишинин көзүнөн оолак кармайсың го, дал ошол сыяктуу. Керек болсо аластап да турабыз кээде. Жылуу суу менен сугарабыз. Ооруп калса кадимкидей дарылайбыз. Фитопотолог, энтомологдор келип убагы менен текшерип турушат. Тамыр алыш үчүн кошумча азыктарды беребиз. Күн суук болсо сары санаа болуп, түнү үшүп калбады бекен деп улам-улам теплицанын температурасын текшеребиз. Күн ысык болсо теплицанын ичи 40-50 градуска чыгып кетет. Анда кыздар эшик-терезени ачып, чечинип алып иштешет.  Ошентип отуруп өстүрөбүз. Анан эртеден кечке туруп иштейбиз. Балдар топуракты элешет, ташыйт. Алардын жумушу андан да оор. Ушунун баары эмгек.

—  Ушунча эмгекти баалабай анан өсүп жаткан гүлдөрдү тебелеп-тепсеп, үзүп-жулкуп, уурдап кетишет эмеспи?..

—  Айтпа, так ошонун жанына барып волейбол ойношот. “Ай балдар ушул жерге ойнобогулачы” деп кээде барып кадимкидей эле урушкуң келет. Топ деген топ да, ыргып барып клумбага түшүп калат, аны алабыз деп гүлдөрдүн бардыгын тебелеп тепсешет. Ала тоо аянтында айрым учурда велосипед менен гүлдөрдү тебелеп кетишет. Анан гүлдөр сынып калат. Канча клумбага канча түп гүл отуругузулаары эсептелген да. Айла жок баягы балдар тебелеп кеткен жердеги гүлдөрдү алып, алардын ордуна кайра башка гүл отургузганга туура келет. Тебелеп кеткенде гүл сынып, узор бузулуп калат. Кыздар гүлдөрдүн арасын отошот, сынгандарын оңдошот. Былтыр мисалы 40 градуска чейин ысык болду. Ошондой учурда кыздарыбыз, улуу эжелерибиз баштарына баш кийим кийип алышып, кечке ушул жерде белдери түшүп, мээсине ысык өтүп иштешет. Жок дегенде ошолордун эмгегин сыйлашса дейсиң. Жазында жоогазын айдап койсок, тебелеп кетишиптир. Жоогазын өзү үлбүрөгөн назик гүл болот эмеспи. Аны көрүп алып былтыр ушунчалык ыйлагым келди. Ошондуктан учурдан пайдаланып жарандарды шаарыбызды сүйүүгө, жумушчулардын эмгегин сыйлоого чакырат элем.

 

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X