Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланды

29-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 26

Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “2021-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын” долбооруна карата иштелип чыккан Иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Талкууга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Концепциянын максаты — мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

29-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X