Долон ашуусуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Нарындын Долон ашуусуна көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн болжол Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 296-297-чакырымында тагыраагы, Долон ашуусуна саат 10:00дө түшкөн.
Азыркы учурдагы жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Ошондой эле, Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек — Нарын жана Нарын — Бишкек багытындагы автоунаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.