Донбасстан 21 миңден ашуун адам Россиянын аймагына өттү

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 42

Акыркы бир суткада Донбасстан Россия Федерациясынын аймагына чек ара аркылуу 21 миңден ашуун адам өттү. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматынын Ростов облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Донбасс жана Луганск аймактарында абал курчуп, Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан ок атылганы айтылган. Буга байланыштуу жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү үчүн Ростов облусуна чыгаруу чечими кабыл алынып, алгач жаш балдар, аялдар жана кары-картаңдар эвакуацияга алынган.

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X