«Дордойдо» өрт 25 контейнерге зыян келтирди: Кылмыш иши козголду

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59

Бишкектеги «Дордой» конушунда жарык берүүчү жабдуулар сатылган кампадан чыккан өрттөн 25 контейнер жабыркады. Өрт каптаган аянт болжол менен 1 миң чарчы метрди түзгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, өрт тууралуу билдирүү 22-октябрда саат 19:40 чамасында «102» кызматына түшкөн. Өрт Дордой-6 жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, мурда «Лампос» деп аталган кампадан чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, жалын кампадан чыгып, жанаша жайгашкан «Свет Про» жана «Мир Люстр» контейнерлерине жайылган. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 45 кызматкери жана жети өрт өчүрүүчү эсеп тартылган.

Окуядан жабыркагандар катталган жок. Коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болгон уурулуктардын алдын алуу үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 200 кызматкери тартылган.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Алдын ала божомолдордун арасында ширетүү иштеринде өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу жана электр зымдарынын туура эмес туташтырылышынан улам кыска туташуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Учурда келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү аныкталып жатат.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X