Доскул Бекмурзаев: «Кышында жарык өчпөйт»

«Кышында жарыкты өчүрбөөгөнгө баардык аракеттерди көрөбүз», — деген пикирин билдирди Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев депутат Урматбек Самаевдин суроолоруна жооп берип жатып.

«Азыр Токтогул суу сактагычында суу тартыш деп жатасыздар, кышында абал кандай болот. Жарыкты өчүрбөйсүздөрбү?», — деп суроо берди депутат министр Доскул Бекмурзаев.

«Кышында жарыкты өчүрбөгөнгө аракет кылып азыртадан электр энергиясын импорттоо жолдорун карап жатабыз. Кудай буюрса кышында жарыкты үзгүлтүксүз берүүгө баардык күчүбүздү жумшайбыз», — деди министр.

Анын айтмында учурда Токтогул суу сактагычында 11 млрлд куб метр суу бар.

«Кудай буюрса 1- октябрга чеийин 13 млрд куб метр суу толот деп жатабыз», — деди министр.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X