Дурус Козуев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, аталган окуу жайдын ректору кызматына Дурус Исакбаевич Козуев дайындалды.
Жаңы дайындалган ректорду университеттин эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова тааныштырды.